Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 3
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы ФАП ка күн кубаты менен иштөөчү гелио системаны орнотуу боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Б.Кыдырмаевдин маалыматын жана Кызыл-Жылдыз айылдык кенешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кенешинин кезектеги сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы ФАП ка, күн кубаты менен иштөөчү гелио системанын, ПРООН тарабынан каржыланган проектисинин долбоорунун бюджети 597 060 сом, мунун ичинен ПРООН тарабынан берилүүчү сумма 437200 сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Акча каражатын убагында которуп беруу жагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы: Ж.Саятчиновага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Кызыл-Жылдыз айылдык Кеӊешинин төрагасы | Г. Калмаматова
|