Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 5
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Ноот арык жана Ак-Булак каналын тазалоо боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы- Б.Кыдырмаевдин маалыматын жана Кызыл-Жылдыз айылдык кенешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкулап, Кызыл-Жылдыз айылдык кенешинин кезектеги сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Ноот арык жана Ак-Булак каналын тазалоо боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджети 500 650 сом, мунун ичинен ПРООН тарабынан берилүүчү сумма 385 050 сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Акча каражатын убагында которуп берүү жагы, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы: Ж.Саятчиновага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы: Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Кызыл-Жылдыз айылдык Кеӊешинин төрагасы | Г. Калмаматова
|