Редакцияот 20.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катраң айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2016-жылдын 20-июну № 27/2

 

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарып жаткан иштери жөнүндө

     Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери жөнүндө төрага У.Амировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катран жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан аткарылып жаткан иштер канааттандырарлык деп табылсын..

2. Жайыт пайдалануучулардан жайыт төлөмдөрүн жыйноону жакшыртууну колго алуу, ар кандай салык төлөмдөрү менен эсептешүүнү өз убагында жүргүзүү  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У. Амировго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер комитетинин төрагасы Р.Илмияновго тапшырылсын.

 

Катраң айылдык

Кеӊешинин төрагасы

А. Акматов