Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 26/5
Жер тилкелерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Катран айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Салимбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Катран ,Баул айылдарынын тургундарын жер тилкеси менен камсыз кылуу максатында Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран, Баул айылдарындагы тамарка катары берилүүчү жер тилкеси такталсын .
2. Жер тилкесин тактоо жана тийиштүү документтерин даярдоо жер адис Н.Салимбековго жүктөлсүн
3. Калктуу конуштун категориясына которуу жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исаевге тапшырылсын.
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|