Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 2/8-1
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4- беренесине ылайык жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башккарууну жана пайдалануунун камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкаруунун жана пайдаланууну жергиликтүү Кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатын үч жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүмүндө көрсөтүлгөн пландар аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин кармангандыгы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса, иштетилсе өткөрүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына кайтарып алынаары Жайт пайдалануучулар бирикмесине жана аны аткаруу органы- Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекетик органына жана аны жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчёттору, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландары өз убагында жана бекитилбеген тартипте даяардоодо,макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар берип туруусуна милдеттуу.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө жагы Бирликайыл аймагынын башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакиров |