Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-январы № 25/8
Баул айылынын айыл башчысы Туратов Кумарбайдын сунушу жөнүндө
Баул айылындагы айылдык башкаруу кеңешинин отурумунун 2016-жылдын 5-январындагы №1 протоколун карап жана талкуулап Катраё айыл аймагынын айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык башкаруу кеңешинин отурумунун 2016-жылдын 5-январындагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Баул айылындагы Чоң Теректи тарыхий мурастар тизмесине киргизүү жагы сунушталсын.
3. Тарыхий мурастар тизмесине киргизүүнүн үстүндө иштөө жана керектүү кагаздарын даярдоо айыл башчы К.Туратовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катраң айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исаевге тапшырылсын.
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|