Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы №25
Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2016 - жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2016 -жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кенешинин VI - чакырылышынын XXI - сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
2. Г. Жунусалиеванын отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
3. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016 -жылга бюджетинин жалпы суммасы (республикадан берилүүчү каражаттарды кошо эсептегенде ) 8844,2 мин сомго бекитилсин.
4. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджета 3641,2 мин сомго бекитилсин.
5. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражат счету 300,0 мин сомго бекитилсин.
6. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2016- жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1% ке чейинки өлчөмүндө же 91,4 мин сомго бекитилсин жана жыл ичинде бюджетте өзгөрүү болсо резервдик фонддун суммасы дагы өзгөрүлөөрү белгиленсин.
7. Торкен айылдык Кенешинин төрагасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамын 33-беренесинин 5 - пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 2013 - жылдын 15 - январындагы №04/24/4- 1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин. Кеңештин туруктуу комиссиясынын чыгымдары, аппараттын чыгымдары менен бирге төлөнүүсү белгиленсин.
8. Айыл өкмөтүндөгү КБФнын арендага берилген жеринин соцфондусу көбөйүп кеткендигине байланыштуу, түз берүү жолу менен берилген жерлердин соцфондусу сыртынан, ал эми аукцион менен берилген жерлердин соцфондусу ичинен төлөнүүсү белгиленсин.
9. Камбар - Ата ГЭСинен сатуудан алынуучу салыктын түрүнөн түшүучү салыктан, Токтогул райондук администрациясынын 30- июнь 2015 -жылдагы №111-буйругунун негизинде Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 11% ти төлөнүүсү белгиленсин.
10. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине Токтогул шаарына отчет тапшыруу үчүн барган күндөрүнө сапар чыгымы төлөнүп берүү жагы белгиленсин.
11. Торкен айыл өкмөтүнөн алынуучу тактамалардын баасы 5 сомдон болсун,анын ичинен жакыр үй-бүлөөлөргө, ооруканада ооруп жаткандарга, кароосуз үй-бүлөөлөргө, соц.пенсияга, пособие алуучуларга, сот жана милиция органдарына,өлгөн адамдарга, мекемеден коллективдүү түрдө муктаждык менен берилүүчү тактам ал ар бекер берилери эскертилсин.
12. Торкен айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Жунусалиевага жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсү болсо, айылдык кеңешине маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы айылдык кенешинин Экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнес™ өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
14. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
15. Бул токтом сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
А. Суеркулова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Мананов
|