Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУЙСКОГО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 5/1
Жазгы талаачылык жумуштарына болгон даярдыктардын жүрүшү жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарында жазга карата бир топ иштер жасалып жаткандыгы белгиленсин.
2. Техникалардын ремонтун сапаттуу аяктап, айдап себүү жумуштарын өз мөөнөтүндө уюшкандыкта бүткөрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалсын.
3. Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткаралашын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси А Чукулуковко, айыл башчылар Т Курманбаевке, А Акунбаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кещешинин жооптуу катчысы А Касейиновко жүктөлсүн.
Талды-Суйского айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Дүйшеев
|