Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 5/5
Айыл аралык жолдорго шагыл төгүүнү уюштуруу жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аралык жолдорго ашар жолу менен шагыл төгүүнү ишке ашыруу белгиленсин.
2. Айыл аралык жолдорго шагыл төгүүнү уюштуруу үчүн комиссиянын курамы түзүлүп бекитилсин
3. Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
- Жумабаев К- айылдык Кеңештин депутаты- комиссиянын төрагасы
- Жумалиев Ж- айылдык Кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү
- Молоев Ж- айылдык Кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү
4. Акча каражатын чогултуп шагыл төгүүнү уюштуруу түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Бул токтомду массалак маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кещешинин жооптуу катчысы А Касейиновко милдеттендирилсин.
Талды-Суйского айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Дүйшеев
|