Редакцияот 07.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 7-июну № 7/6

 

Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ветеринардык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө

Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ветеринардык жактан тейлөөнүн абалы канааттандырарлык экендиги белгиленсин

2. Малдарды топтоштуруп, ветеринардык иш чаралардан толук сапаттуу уюшкандыкта өткөрүлүшүн камсыз кылуу ветеринардык жактан тейлөө боюнча башкы адиси Ү Маамытовко жүктөлсүн

3. Эпизоотиялык абалдын туруктуу болуп ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу , ветсервистердин иштөөсүн көзөмөлдөө Ү Маамытовко милдеттендирлсин

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А Касейиновко милдеттендирилсин.

 

Талды-Суйского айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ж. Дүйшеев