Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № III-1
Гулистан жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысы-айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргнадары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптарынын негизинде жашыруун добуш берүү жолу менен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн шайлоонун натыйжаларын көрүп чыгып Гулистан айыл кеңешинин кезексиз cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн Гулистан өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысы-айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Шаназаров Эргашали Буваназарович шайлангандыгы эске алынсын.
2. Шаназаров Эргашали Буваназарович- 1968-жылы туулган, улуту-өзбек, билими-жогорку, үй-бүлөлү, 2001-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматында иштеп келет.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|