Редакцияот 30.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясы

 

 2017-жылдын 30-январы № III-3

Гулистан айыл аймагындагы 85,2 га жер аянтын геологиялык-изилдөө ишерин жүргүзүү максатында ОсОО“ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД” ишканасына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №261-токтомунун негизинде ОсОО“ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД” ишканасы Гулистан айыл аймагындагы 85,2 га жер аянтында геологиялык-изилдөө иштерин жүргүзүү максатында убактылуу пайдаланууга берүүнү суранган.

Кырггыз Республикасынын Жер Кодексинин 28-3 беренесининдеги Жер асты байлыктарынан пайдалануу үчүн жер участкаларын берүү жөнүндөгү жобонун негизинде Гулистан айыл кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №261-токтомунун негизинде ОсОО“ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД” ишканасына геологиялык-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн  Гулистан айыл аймагындагы 85,2 га жер аянты убактылуу пайдалануу үчүн берилсин.

2. Убактылуу пайдаланууга берилип жаткан жер аянты боюнча тийиштүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

И. Ташматов