Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № IV-4
Гулистан айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы юридикалык жана кожолуктардын таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдарды өлчөмү жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкулап айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы юридикалык жактарга иштегендердин санына карата таштанды жыйымы (ар бир иштеген кишиге) 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы кожолуктарга таштанды жыйымы ар бир кожолукка 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Таштанды жыйымын жыйноону 2017-жылдын 1-апрелине аяктоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнч атуруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|