Редакцияот 20.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан кеңешинин I чакырылышынын IV сессиясы

 

 2017-жылдын 20-февралы № IV-5

Гулистан айылаймагындагы айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу жер салыгын ченин (ставкасын) көтөрүү жөнүндө

Гулистан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынын ченин (ставкасын) 2-3 эсеге көтөрүү боюнча” Жарлыгын аткаруу максатында азыркы күндө айыл чарба жерлеринин жер банитеттерин аныктоо ббоюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын эсепке алып, Гулистан айыл кеңешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын Салык кодекси жана “Жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү” укуктук актыларынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынын ченин (ставкасын) 2-3 эсеге көтөрүү боюнча ” Жарлыгы аткарууга алынсын.

2. Айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынын ставкасы 2017-жылга 50 пайызга көтөрүлсүн.

3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

          И. Ташматов