Редакцияот 20.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан кеңешинин I чакырылышынын IV сессиясы

 

 2017-жылдын 20-февралы № IV-7

Гулистан айыл кеңешинин аймагындагы жайыттан пайдалануучулары бирикмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жыл 19-июнунда чыккан “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн иш чараларын турмушка ашыруу максатында жайыттардын баасын бекитип берүү жөнүндө

Гулистан айыл кеңешинин аймагындагы жайыттан пайдалануучулары бирикмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнунда чыккан “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн иш чараларын турмушка ашыруу максатында жайыттардын баасын бекитип берүү жөнүндөгү маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 №

Малдын түрү

Жазгы жайыт

Жайкы жайыт

Күзгү жайыт

Бир айга

Бардыгы

 1

   Үй

    34

 51

    34

    20

   140

 2

   Торпок

     18

 27

    18

    10

     70

 3

   Жылкы

     34

  51

    34

     20

    140

 4

    Тай

     18

  27

    18

     10

     70

 5

    Кой

     18

  27

    18

       12

     84

 6

    Эчки

     34

   51  

     34

      20

     140

 7

    Тай торпок

     18

   27

     18

       9

       36

 8

    Эшек

     18

   27

     18

       9

       63

 9

    Топоз

     34

   51

     34

      17

      119

 

2. Жайыт жерлериндеги тосуп алынган ар бир га жер үчүн, тоолу жайыттарга айдоо жер үчүн 7000 сом, чоп жай үчүн 3500 сом жер салыгы төлөнөт.

3. Курулма, короо, үй-жайлар үчүн ар бир сотых жерине 100 сомдон, тоо жерлерден отун-чоп үчүн алынган куурайлар үчүн бир сезонго 700 сомдон түтүн пулу  төлөнөт.

4. Адыр зоналарындагы жайыт жерлерден кышкы тоют үчүн чоп оруп пайдаланса, күнгөй жерден бир га жер үчүн 300 сом, тескей жерден 1 га жер үчүн 600 сомдон жер салыгы алынсын. Адырдагы курулма, короолор, үй-жайлардын ордуна ар бир сотых жер үчүн 100 сомдон, отун үчүн алынган куурай бадалдар үчүн бир сезонго 350 сомдон түтүн пулу төлөнсүн.

5. Жайыт жерлердин суу жээктерине суу чыгарып, бак тигип пайдаланса, ар бир түп мөмөлү бак дарактын беш жаштан жогорусуна 30 сомдон, терек-тал, зараң дарактары үчүн беш жаштан жогорусуна 10 сомдон, ошол эле жерге айдалып эгин эгилсе ар бир га жер үчүн 7000 миң сомдон, чоп оруп алуу максатында тосулгон болсо, суулу ар бир га жерге 3500 сом, кайрак жерге 600 сомдон салык акы төлөнсүн.(тосулган жерден башка максатта пайдаланса, максатына карап салык толойт. Дарактар үчүн өзгөчө, курук жер үчүн өзгөчө, чоп жер үчүн өзгөчө нарк каралат)

6. Бюджеттин кирешесине карап жайыт комитетинин төрагасына 10 айга 4000 сомдон, бухгалтерине (орунбасары) 8 айга 3000 сомдон айлык акы толөп берилсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба боюнча иштөочү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айылдык

Кеӊешинин төрагасы

               И. Ташматов