Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-апрели № V-2
Гулистан айыл кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү” №IV-2-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын декабрь айындагы Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 338-беренесинин негизинде Гулистан айыл аймагында айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынын ченин (ставкасын) 50 пайызга көтөрдү, калктуу конуштардын айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу жер салыгынын коэффицентин салык кодексинин 389-беренесинин негизинде К-2 1,2 эсеге көтөрүлдү. Жер салыгынын ченин (ставкасын) көтөрүлүшүнүн натыйжасында айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча 451,3 мин сом акча жыйналышы пландаштырылганына байланыштуу Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү максатында айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу жер салыгынын чени (ставкасы) 50 пайызга көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары толукталып 451,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу жер салыгынын чени (ставкасы) көтөрүлгөнүнө байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө тиркемеге ылайык толуктоо киргизилсин
2. Киритилген толуктоолорду расчеттору менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Ноокат районундагы бөлүмүнө тапшыруу, айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаровго жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Ш.Таштемировго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|