Редакцияот 30.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу кеңешинин V чакырылышынын ХХVII сессиясы

 

2015-жылдын 30-октябры № 27/1

«Кара –Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Орток айылындагы «Орток – Шамы» бала бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү грант 1390230( бир миллион үч жүз токсон миң эки жүз отуз) сомдун 15 пайыздык өздүк салымын которуу жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Орток айылындагы Орток -Шамы бала бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү грант 1390230 ( бир миллион үч жүз токсон миң эки жүз отуз)сомдун 15 пайыздык өздүк салымын которуу жөнүндөгү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Жунушалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылөкмөтүнүн Орток айылындагы “Орток-Шамы” бала бакчасынын капиталдык ремонтуна 15 пайыздык өздүк салымы 208534( эки жүз сегиз миң беш жүз отуз төрт) сом акча каражаты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

2. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара- Суу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси К.Темиралиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

                                                                                                                                     Т. Курткаев