Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-ноябры № 28/2
Кара –Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук бирикмелердин 9 айдын ичинде аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 27-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук бирикмелер “ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын, жайыт комитетинин 2015-жылдын 9 айынын ичинде аткарган иштери тууралуу билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук бирикмелер “ Мантыш – Булак” ИСКАКБсынын, жайыт комитетинин 2015-жылдын 9 айынын ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Иштин жүрүшү боюнча отчеттун негизинде айтылган сын- сунуштардан, кемчиликтерден тез аранын ичинде жыйынтык чыгаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т. Өмүралиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Курткаев
|