Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-ноябры № 28/3
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга орнотулган түнкү чырактарды Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 27-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты Н. Шериповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мантыш жана Кара-Мойнок айылдарына орнотулган түнкү чырактар Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мантыш жана Кара-Мойнок айылдарына орнотулган түнкү чырактартарга чыгымдалган электр энергиясына кеткен төлөмдөр 2016-жылдын бюджетинде каралсын
3. Электр энергиясына кеткен чыгымдар боюнча Кочкор райондук электр тармактар ишканасы менен келишим түзүп төлөмдөрдү аныктоо боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башкы эсепчиси К. Темиралиевге , депутат Н. Шериповго тапшырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Курткаев
|