Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 20/4
Катран айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У. Амировдун билдирүүсү жөнүндө
Катран айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын отчеттук чогулушунун 2015-жылдын 10-мартындагы протоколундагы маселелер боюнча жасаган билдирүүсүнн угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын отчеттук чогулушунун 2015-жылдын 10-мартындагы протоколу бекитилсин.
2. Катран айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалым кат жайыт акысын төлөгөн учурда гана берилүүсү милдеттендирилсин.
3. Катраё айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына милдеттендирилсин:
4. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар жайыт акысын төлөбөгөн учурда жана жайыт мыйзамын бузгандыгы үчүнн К.Р. администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин негизинде айыл өкмөтүнүн аксакалдар соту жана участкалык милициянын инспектору менен биргеликте жайыт мыйзамынын чегинде иш алып баруу жагы.
5. Катран айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерин жайыттан тышкары башка максатта пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтомунун типтуу жобосуна негизин иш алып баруу жагы.
6. Катран айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар менен алгылыктуу иш алып баруу.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин бюджет экономика маселелери боюнча комитетинин төрагасы Ж.Шооруковго, жер жана агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Р. Илмияновго тапшырылсын
Катраң айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Акматов
|