Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катраң айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2015-жылдын 28-апрели № 21/3

Айылды инвестициялоо долбоорунун III этабына Катран айыл аймагындагы айылдардын долбоорлорун тактоо комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндө

    Айылды инвестициялоо долбоорунун III этабына Катран айыл аймагындагы айылдардын долбоорлорун тактоо комиссиясынын чечимдерин угуп жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылды инвестициялоо долбоорунун III этабына Катран айыл аймагындагы айылдардын долбоорлорун тактоо комиссиясынын чечими боюнча Катран айылынын “Спорт зал” куруу долбоору приоритеттүү болуп табылсын.

2. Облустук конкурстук комиссиянын кароосуна жөнөтүлсүн.

3. Токтомду аткаруу жагы Катран айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исаевге милдеттендирилсин.

 

Катраң айылдык

Кеӊешинин төрагасы

А. Акматов