Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катраң айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2015-жылдын 28-апрели № 21/13

 

Катран айыл аймагынын “Шоро” участогундагы айыл чарбасына жараксыз таштак жайыт жерлеринин эсебиндеги  №540-контурунан 0,03га таштак жайыт жерди Катран айыл өкмөтүнүн алдындагы жер тандоо комиссиясынын жана райондук жер тандоо   комиссиясынын актысынын чечимине ылайык  Катран айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катран айыл аймагынын Шоро участкасындагы айыл чарбасына жараксыз таштак жайыт жеринин эсебиндеги  № 540 контурдагы  0,03га таштак жайыт жерди айыл чарбасынын категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына  которууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Катран айыл өкмөтүнүн башчысы  А. Исаевге  тапшырылсын.

 

Катраң айылдык

Кеӊешинин төрагасы

А. Акматов