Редакцияот 05.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Катраң айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы

 

2015-жылдын 5-августу № 22/6

Катран айылындагы № 5 Гимназия мектебинин күн батыш тарабындагы 126 м2 жер тилкесин жана “Козу Баглан” орто мектебинин күн батыш тарабындагы 66м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Катран айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Салимбековдун бош турган жерлерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны пайдалануу жөнүндөгү билдирүүсүн  талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катран айылындагы № 5 Гимназия мектебинин  күн батыш тарабындагы 126 м2 жер тилкеси жана Козу Баглан орто мектебинин күн батыш тарабындагы 66 м2 жер тилкеси муниципалдык  менчикке кабыл алынсын.

2. Аталган мектептердин жанындагы белгиленген муниципалдык жер тилкелерине ар кандай курулуштарды курууга уруксат берилбесин.

3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Салимбековго тапшырылсын

 

Катраң айылдык

Кеӊешинин төрагасы

А. Акматов