Загрузка документа…
ЧЕ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-октябры № 28/6
Чөпкө чабылган аянтты арпа аянтынан бир жылдык чөп аянтына которуп берүү жөнүндө
2016-жылы 488 гектар арпа өсүмдүгү айдалган дыйкандардын жер үлүшү аз болгондуктан жана малдын башы өсүп, тоюттун запасын даярдоо максатында 100 гектар арпа чөпкө чабылган. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык кеңешинин XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын 19-сентябрь 2016-жылдагы актысынын негизинде 100 га арпа аянты 1 жылдык чөп аянтына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Жакыпов
|