Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-октябры № 28/12
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
2016-жылдын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн көмүргө каралган акча каражатынан тендердин негизинде үнөмдөлгөн 266 100 (эки жүз алтымыш алты миң бир жүз ) сом акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражаты төмөндөгүдөй статьяларга жылдырылып, чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2212 | Байланыш чыгымдары учун | 5,9 |
2 | 2214 | Транспорт чыгымдары | 11,0 |
3 | 2215 | Башка чыгымдар жана кызматтар | 145.5 |
4 | 2222 | Материалдарды жана буюмдарды алуу | 64.7 |
5 | 3111 | Имараттар жана курулуштар | 23,0 |
6 | 3112 | Машиналар жана камсыз кылуулар | 16,0 |
266,1 |
Баары-266 100 сом (эки жүз алтымыш алты миң бир жүз) сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Жакыпов
|