ЖАҢЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Талап айылдык кеңешинин чакырылышынын II сессиясы
2017-жылдын 30-январы № II/3
Жаны-Талап айылында “Үч Куртка” өнүгүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Жаны-Талап айылынын тургуну Г.Турдалиеванын кайрылуусун эске алып Жаны-Талап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Талап айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Талап айылында долбоорлор менен иштөө аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү иш менен камсыз кылуу максатында жамаат түзүлүп, түзүлгөн жамааттын уставы бекитилсин.
2. “Үч Куртка” өнүгүү жамаатын Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жамааттын жетекчисине дайындалсын.
Жаңы-Талап айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Бексултанов
|