Редакцияот 16.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын V сессиясы

 

2017-жылдын 16-марты № 7

Комиссия курамын түзүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы  Ы.Ж.Эрмаматовдун Жайыт комитетинин аткарган ишин текшерүү боюнча комиссия курамын бекитүү  жөнүндөгү  сунушун угуп жана талкуулап   Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин  VI чакырылышынын кезектеги  сессиясы

Токтом кылат:

1. Жайыт комитетинин төрагасы А.Гайыповдун жайыт боюнча аткарган ишин текшерүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы бекитилсин:

Комиссиянын төрагасы:

Абдижалилов Абдусатар - Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин депутаты

мүчөлөрү:

Кашка-Суу айылынан         А.Курбаналиев            

Ачык-Суу айылынан           И.Айдаров                    

Кабык айылынан                  К.Сайитов

Кара-Кабак айылынан        М.Төрөев

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин  Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Кашка-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ы. Эрмаматов