КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын V сессиясы
2017-жылдын 16-марты № 9
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-статьясынын 1-беренесине ылайык кайра бөлүштүрүү фондунан пайдаланылган чөп чабынды жер аянттары үчүн базалык ставкасы юридикалык жактар үчүн жана аренда салык өлчөмүн аныктоо боюнча айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-ст 1-беренесине ылайык кайра бөлүштүрүү фондунан пайдаланган чөп чабынды жерлер үчүн базалык ставкасы 21,10 сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунан пайдаланылган чөп чабынды жер аянттарынын аренда салыгы 25,0 сом өлчөмдө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов |