КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясы
2017-жылдын 2-февралы № 3
Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын “Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык этика жана депутаттардын иштери боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов |