Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү менчикке чыгып кеткен обьектилерди тактоо иштерин жүргүзүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү менчикке чыгып кеткен обьектилерди тактоо иштерин жүргүзүү жөнүндө Кеңештин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү обьектилердин менчикке чыгып кеткен себептерин жана мыйзамдуулугун ошондой эле менчик укугун тастыктоочу тиешелүү иш кагаздарын тактоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Тактоо иштерин жүргүзүү жагы турак-жай боюнча башкы адис М.Абдрахмановго тапшырылып, тез аранын ичинде жыйынтыктоо керек экендиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ш.Кабаевге жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Иманкулов |