Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну № 2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата Жайыт комитетинин бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Шаршеналы уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясынын токтомуна ылайык 2017-жылдын бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 387 700 (үч жүз сексен жети миң жети жүз) сом менен бекитилсин.
· ЖПБ нын төрагасынын эмгек аксына 99.0 миң сом
· ЖПБ нын төрагасынын соц.фонд төлөмү үчүн 17, 0 миң сом.
· Командировкалык чыгымы үчүн 5.0 миң сом
· Күйүүчү май үчүн 90.0 миң сом
· Ар кандай чыгымдар үчүн 10.0 миң сом
· ЖПБнын инфраструктурасын оңдоого 50.7 миң сом
· Кара-Суу айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын оңдоого 116.0 миң сом
2. ЖПБнин жылдык аткарган планына карата төмөндөгүдөй пайызда чыгымдалсын.
· ЖПБнин төрагасынын эмгек акысына 30% (соц фонду ичинде)
· ЖПБнин инфраструктурасын оңдоого 40 %
· Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын оңдоого 30 %
3. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
4. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 01.01.2017-жылга карата жайытка мал жаюу күнүнүн узактыгы 280 күн, жайыт акы бодо мал үчүн 40 сом, төлү 28 сом, майда жандыкка 8 сомдон жана сырттан келген малдардан бодого 80 сом, төлүнө 56, кой-эчкиге 16 сомдон бекитилсин.
5. 2018-2020-жылдын бюджеттин долбоору бекитилсин.
6. Бул токтомду аткаруу жагы ЖПБ нын төрагасы Шаршеналы уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевге милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Иманкулов |