Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-июну № 4
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергилитүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук сметасын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасын карап жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
-2018-жылга жергиликтүү киреше 3 090 200 (үч миллион токсон миң эки жүз) сом, теңдештирилген грант 9 525 200 ( тогуз миллион беш жүз жыйырма беш миң эки жүз) сомго.
-2019-жылга жергиликтүү киреше 3 224 500 ( үч миллион эки жүз жыйырма төрт миң беш жүз) сом, теңдештирилген грант 10 058 900 ( он миллион элүү сегиз миң тогуз жүз) сомго.
-2020-жылга жергиликтүү киреше 3 383 900 ( үч миллион үч жүз сексен үч миң тогуз жүз) сом, теңдештирилген грант 10 592 600 (он миллион беш жүз токсон эки миң алты жүз ) сомго.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн karasuu.org.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Иманкулов |