Редакцияот 19.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барпы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VI сессиясы

 

2017-жылдын 19-июлу № 6/19

Барпы Айыл аймагынын Ачы айылындагы жаны ачылган шайлоо участогу жөнүндө

Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги Ачы айылында ачылган № 2426 шайлоо участогунун шайлоо комиссиясынын  курамын көрсөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап,  төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы айыл өкмөтүнүн Ачы айылында жаны ачылган шайлоо участкасынын комиссиясынын курамы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү өзүмө  калтырамын.

3. Ушул токтом расмий түрдө  жарыяланган күндөн тартып  өз күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

А. Абдыкулов