Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/23
Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнөндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1-бөлүкчөсүнө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114-токтомуна ылайык, Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде гана жазылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Барпы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы; А.Салиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |