Редакцияот 16.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 16-августу № 5

Атуулдардан түшкөн арыздар жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Бекназаров Русландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Эл Нуру” балдар бакчасынын имаратына телеком менен 2017-жылдын август айынан 2018-жылдын август айына чейин 1 жылдык мөөнөткө ай сайын 1000 сомдон аренда төлөп туруу үчүн келишим түзүү жагы белгиленсин.

2. Жайлоодон жайлоочуларды 10-сентябрга чейин көчүп келбөөсү жөнүндө эскертүү берүү жагы  айыл башчыларга жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Бекназаров Русланга жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Т. Малабеков