Редакцияот 29.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2017-жылдын 29-августу № 3

Э.Четинбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жана А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу жалпы орто билим берүүчү мектептеринин тушуна “жол тосмосун” орнотуу жөнүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин  мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комиссиянын төрагасы Т.Керимкуловдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Э.Четинбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тушуна 3 жерге жана А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу жалпы орто билим берүүчү мектептеринин тушуна  3 жерге “жол тосмосун” орнотулсун.

2. “Жол тосмосун” орнотуу жагын тиешелүү райондук жетекчиликтен суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаровго  жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Т. Малабеков