Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 134
Сүлүктү шаарынын алкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш. Халовдун отчетун, шаардык кенештин саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 пунктунун, 41-беренесинин 1,3 пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш. Халовдун отчету кабыл алынсын.
2. «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш. Халовдун 2015-2016жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын
3. Шаардын калкын ичүүчү таза суу менен оз убагында камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис иш чараларды түзүп анын аткарылышын камсыз кылуу жагы «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш. К Халовдон жана Сүлүктү шаарынын биринчи вице- мэри Б.Э Ташевден талап кылынсын.
4. Шаардын калкын ичүүчү таза суу менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тузулгон иш чаралардын аткарылышы боюнча шаардык кенешке 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча билдирүү жагы «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш. К Халовго, шаардын биринчи вице- мэри Б.Э Ташевге тапшырылсын.
6. Ушул токтом шаардык кенештин аппаратында катталып, массалык маалымат каражатында жарыяланып, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу учун Баткен облустук адилет башкармалыгына жонотулсун.
7.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология жана онор жай, экономика, инвестиция, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Сулукту шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Исмаилов
|