Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 135
Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу, айлана чөйрөнү корктондуруу, жашылдандыруу боюнча «Сүлүктү-Тазалык» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу, айлана чөйрөнү корктондуруу, жашылдандыруу боюнча «Сүлүктү-Тазалык» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө «Сүлүктү-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Эргашевдин отчетун, шаардык кенештин өнөр жай, экономика, инвестиция, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Ш.К Халовдун сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31, 41- беренелеринин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу, айлана чөйрөнү корктондуруу, жашылдандыруу боюнча «Сүлүктү-Тазалык» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө «Сүлүктү-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Эргашевдин отчету кабыл алынсын.
2. «Сүлүктү-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Эргашевдин 2015-2016жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын
3. Шаардагы таштандыларды сапаттуу тазалоо, корктондуруу жана жашылдандыруу боюнча кечиктирилгис иш чараларды түзүп анын аткарылышын камсыз кылуу жагы, «Сүлүктү-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Б Эргашевден жана Сүлүктү шаарынын биринчи вице- мэри Б.Э Ташевден талап кылынсын.
4. Шаардын аймагындагы таштандыларды сапаттуу тазалоо, корктондуруу жана жашылдандыруу боюнча тузулгон иш чаралардын аткарылышы боюнча шаардык кенешке 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча билдирүү жагы шаардын биринчи вице- мэри Б.Э Ташевге, «Сүлүктү-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Эргашевге тапшырылсын.
6. Ушул токтом шаардык кенештин аппаратында катталып, массалык маалымат каражатында жарыяланып, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу учун Баткен облустук адилет башкармалыгына жонотулсун.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология жана онор жай, экономика, инвестиция, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Сулукту шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Исмаилов
|