Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 2
Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылынын күн батыш тарабындагы Эркинбай, Булак, Аралбай участкасындагы жер алдындагы суулардын көтөрүлүп Кара-Суу айылына коркунуч келтирип жаткандыгына байланыштуу, суунун деңгээлин азайтуу жана кургатуу максатында
Жогорудагылардын негизинде Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 5-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан курулуш иштерин жүргүзүү жагы суралсын.
2. Дренаждык түйүн иштерин жүргүзүү үчүн пландалган жер аянттары бөлүнүп берүү жагы каралсын.
3. Курулуш иштерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан уюштуруу иштери жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Иманкулов |