Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27- июну № 6/3
Чет-Нура айылдык Кеңешинин депутаты Ажыбеков Жумабекти сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин атына Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айылынын тургундары А.Бекбоева, Капар уулу Жанболот жана башкалар Көл-Арык каналына өз эсебинен көпүрө куруп берген Чет-Нура айылдык Кеңешинин депутаты Ж.Ө.Ажыбековдун эмгегин баалап ыраазычылык билдирүүнү сурап кайрылышкан.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин депутаты Ажыбеков Жумабек Өмүралиевичтин эмгеги бааланып, Чет-Нура айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын “Ардак Грамотасы” менен сыйлансын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |