Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27- июну № 6/5
Депутаттардын айыл чарба, суу чарба жашылдандыруу көрктөндүрүү, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын I-II кварталда жүргүзүлгөн иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Аталган туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Ажыбеков I-II кварталдагы иш-планына ылайык жүргүзүлгөн иштери боюнча билдирүү жазады.
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын айыл чарба, суу чарба жашылдандыруу көрктөндүрүү , энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын I-II кварталда жүргүзүлгөн иштерине эң жакшы деген баа берилсин.
2. Чет-Нура айылдык Кеңешинде башка багыттагы түзүлгөн туруктуу комиссияларга өз багытында иш планга ылайык иш алып баруулары тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |