Редакцияот 20.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 27- июлу № 7/2

ЖЧК «ТЭБ ДЖОН» компаниясынын Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу «Эки Бала» участогунан  чачкын алтын кен боюнча геологиялык  чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын кароо жөнүндө

ЖЧК  «ТЭБ ДЖОН» компаниясы 2016-жылдын 30-майында «Эки-Бала» чачынды алтын кенин чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн кыргыз өкмөтүнө караштуу “ Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги” тарабынан лицензия алынган (4781 АР), анын максаты геологиялык чалгындоо иштери. Чачынды алтынды чалгындоо учурунда, баардык иш-чаралар мамлекеттик мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,  Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ЖЧК  «ТЭБ ДЖОН» компаниясына:

- Чет-Нура айыл өкмөтүнүн каттоосуна отуруу менен;

- 40% жумуш орду менен жергиликтүү элди жумуш орду менен камсыз кылуу менен;

- 350 миң сом банктык гарантия менен (соц.пакет) ;

- Экологиялык эрежелерди сактоо менен чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксаат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Т. Сыдыбеков