Редакцияот 20.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 27- июлу № 7/3

ЖЧК «Либент» компаниясынын Орто-Нура айылынын өрдөшүнөн чачкын алтын кенине 248 га жерге геологиялык изилдөө жүргүзүүгө уруксаат сураган катын кароо жөнүндө

ЖЧК «Либент» компаниясы 2015-жылдын 27-октябрь айында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин (№4422 АР) лицензиясынын негизинде Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылынын  өрдөшүнөн чачкын алтын кенине 248га жерге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө алган. Компаниянын  максаты геологиялык чалгындоо жүргүзүү. Чалгындоо мамлекеттик мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,  Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ЖЧК  «Либент» компаниясына:

- Жергиликтүү элдин макулдугу менен “Либент” компаниясынын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрүү менен геологиялык изилдөөгө уруксаат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Т. Сыдыбеков