Редакцияот 29.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын VIII сессиясы

 

2017-жылдын 29-августу № 8/2

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн №4033 жана №4168 шайлоо участокторунун шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүнө  караштуу №4033 Ийри-Суу шайлоо участогунун шайлоо комиссиясынын төмөндөгү курамдары

     1. Кыштообаева Бактыгүл;

 2. Теңизова Бактыгүл;

 3. Исмаилова Гүлзар;

 4. Көчкөнбаева Чынара өз каалоосу менен кетип жаткандыктан, элдик жамааттын 29-август 2017-жылдын №1,2,3,4 токтомдорунун  негизинде

1. Чолоев Бегимат;

2. Жакшылыкова Жылдыз;

3. Мамытканов Табылды;

4. Жунусова Болдуну комиссия курамына өзгөртүп киргизүү жагы Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

2. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу №4168 Чет-Нура шайлоо участогунун шайлоо комиссиясынын резервине элдик жамааттын 5-август 2017-жылдагы №1 токтомунун негизинде:

1. Мурзакматова Гүлзада Калыбековна;

2. Медербек уулу Тилекти комиссиянын курамына киргизүү жагы Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.        

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ж. Назарбаев