Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы
"Жамаатын мыйзамына толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ"
Боз-Учук айылдык Кеңешинин ѳз алдынча башкаруу жамаатынын Мыйзамы кабыл алынгандан бери жети жыл ѳттү. Мына ошол аралыкта жамааттын мыйзамына жамааттын мүчѳлѳрүнѳн коптогон арыздар, сунуштар келип түштү. Мыйзамга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча ар бир айылда жыйын ѳткѳрүлүп талкуулар жүрдү Боз-учук айылдык Кеӊеши жыйындардын протоколдорун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 111 курултайда кабыл алынган жамааттардын мыйзамына тѳмѳндѳгүдѳй толуктоолор киргизилсин:
111.Той-тамаша жана шаан -шоокот ѳткѳрүүнун, маркумдарды узатуунун коомдук тартиби.
азыркы мезгилде аймагыбызда маркумду узутуу аземдерине 3 кун кармоо, бир нече бодо малды сойуу, арак берип конул айтуу, чон таштардан эстелик тургузуу, кумбоз салуу, темирден коргон куру сыяктуу ашыкча чыгымдарга
дуушар кылып, олгондун устуно комгон кылып кошумча кыйын абалда калтырып жаткандыгын баарыбыз кѳрүп билип жүрѳбүз. Мындай кѳрүнүштѳр динибизде да жок. Ошондуктан:
1. Соок чыккан үйдѳ үч күнгѳ чейин казан асып мал союлбайт, тамак берилбей, сѳѳк чыккан үйдѳ кошуналар ошол үйдѳгүлѳргѳ кѳӊүл айтып, жакын туугандарды тамак алып келип туруулары зарыл. Бул кошуналардын жана туугандардын милдеттери. Жакын адамын жоготуп, кайгыгы батып турган адмдардын малын союп, аларга тамак жасатып, жеп отуруу тура эмес. Демек кара ашына мал сойууга тыйуу салынат.
2. Шариятта атайын маркумга атап учулугу, пайшамбилиги,(бейшенбилиги), жетилиги, жыйырмалыгы, кырктыгы, элүү экилиги же жылдыгы деген ырым жырымдар жок, бул талапты да атуулдар толугу менен аткаруулары керек.
3. Кандайдыр бир кездемени кичиненден болупайрып, "жыртыш" таратып беруу шариятта жок, андыктан бул адатка да тыйуу салынат.
4. Чон таштардан кымбат баалуу материалдардан күмбѳз салууга тыйуу салынат.
5. Тазия болгон (аза күткѳн) жер-жерлерде спирт ичимдиктерин ичүүгѳ тыйуу салынат.
2. Той, юбилей жана башка шаан-шокотторду откоруунун тартиби.
а.1,5,10,15,20,25,30,40 жылдык деген юбилейлерди ѳткѳрүүгѳ тыйуу салынат.
b.Тойлордо, загсыга чыкканда эки женил машина менен чыгууга уруксат. Ашыкча 5-10 автомашиналар менен чыгууга тыйуу салынат.
c. Тойлор түнкү саат 23-00 дон кийин улантылбайт.
d. Коомдук жайларда мас жүрүүгѳ тыйуу салынат.
5. Спирт ичимдиктерин сатуу түнкү саат 20-00 кийин тыйуу салынат.
6. Спирт ичимдиктерин,тамекини сатуу жаш оспурумдорго сатууга тыйуу салынат.
2. Боз-Учук айылдык Кеңешинин ѳз алдынча башкаруу жамаатынын айыл Мыйзамына киргизилген толуктоолорду каттап бекитип берүү жагы Ысык-Кол областтык юстициасынан суралсын.
Сессиянын катчысы | З.Дюшембиева
|
Сессиянын тѳрагасы | Ч.Тентиев
|