Загрузка документа…
ЫССЫК-КӨЛ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-апрели №5
Ысык-Көл районунун эс алуу жайларындагы жерлердин жер салыгына базалык ставканын негизинде дифференцияланган ставкаларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинин 4 пунктуна Ысык-Көл райондук Мамлекеттик администрациясынын маалыматын, "Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча" туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Ысык-Көл райондук Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Кол райондук Мамлекеттик администрациясынын маалыматы эске алынсын .
а) Кыргыз Республикасынын Салык жөнүндө Кодексинин 339 беренесинин 4 пунктуна ылайык айыл-чарба эмес багытындагы жер салыгына базалык ставканын негизинде дифференцияланган ставкалар 2009-жылдын 1 апрелинен 31 декабрына чейин, кыймылсыз Мулк салыгы ишке киришкенге чейин бекитилсин;
б) 2009-жылда туристерди жана эс алуучуларды кабыл алуучу эс алуу жайларына төмөндөгү коэффициент К1 кабыл алынсын.
2. Эс алуучуларды кабыл албаган эс алуу жайларына жана башка мекемелерге Кыргыз Республикасынын Эл депутаттарынын Ысык-Көл райондук Кеӊешинин XXV-шайланган кезектеги III -сессиясынын №7 Токтомунун негизинде алынсын.
3. Токтомду көзөмөл кылуу жагы Ысык-Көл райондук Кеӊешинин "Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча" туруктуу комиссиясына (У.Жылкыбаев) жана "Жер, агрардык реформа, кайра иштетуу, өнөр жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун энергетика" боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Сатыбеков) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом областык юстиция башкармалыгынан бекитип берүү жагы суралсын.
5. Токтом расмий түрдө жарыялангандан кийин күчүнө киргизилсин.
Ысык-Көл райондук кеӊешинин төрагасы |
Э.Орозоев
|