ТоктомКүчүндө

Балыкчы шаардык кенешинин 2010-жылдын 31-мартындагы №10 «Балыкчы шаарынын бала-бакчаларына төлөнүүчү ата-энелердин мүчөлүк акысы жөнүндө» токтому

Редакция31.03.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Балыкчы шардык кеңешинин XXV чакырылышынын V-сессиясы

 

2009-жылдын 31-марты №10

Балыкчы шаарынын бала-бакчаларына төлөнүүчү ата-энелердин мүчөлүк акысы жөнүндө

Балыкчы шаардык Кеӊешине Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.А.Кулова төмөндөгүдөй мазмундагы өтүнүч каты менен кайрылган.

Озунун катында бардык тамак-аш продуктыларынын кымбаттыгына байланыштуу, шаардын бала-бакчаларына төлөнүүчү ата-энелердин айлык мүчөлүк акысын 300 сомдон 400 сомго чейин көтөрүү боюнча ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп, макулдашылгандыгын билдирген.

Балыкчы шаардык Кеӊешинин сессиясы коюлган маселени ар тараптан карап, талкуулап жана кайра бекитүү үчүн

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жана шаардын бала-бакчаларынын ата-энелерден алынуучу айлык мүчөлүк акыны көбөйтүү боюнча сунушу эске алынсын жана 2008-жылдын 1-сентябрынан баштап, айлык мүчөлүк акынын көлөмү 400 сом өлчөмүндө бекитилсин

2. Шаардын бала-бакчаларынын жетекчилерине балдардын өз убагында жана туура тамактануусун көзөмөлгө алуу жана чогулган каражаттын 10 пайызы чарбалык чыгымдарга, 90 пайызы балдардын тамак-ашына сарпталуу жагы милдеттендирилсин.

3. XXIV чакырылышынын XXXV сессиясында кабыл алынган №9 токтомдун күчү жоготулсун.

4.Ушул токтом Ысык-Көл облусунун Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы сунушталсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеӊештин социалдык өнүгүү жана укук коргоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Балыкчы шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Джаликов