Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-июну № 4
"Айыл Мыйзамы" долбоорун талкуулоо жана бекитуу, "Айыл Мыйзамынын"талаптарын аткаруу боюнча комитет түзү жөнүндө токтому
Карасаев айылдык Кеӊешинин төрагасы Масылов К.Ш. жана сүйлөгөн депутаттардын жана айылдык Кеӊештин депутаты Асанбаев К маалыматын угуп жана талкуулап, Карасаев айылдык Кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курултайда кабыл алынган жамааттардын Айыл мыйзамына төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин.
2. "Айыл Мыйзамы" негизги долбоору болуп бекитилсин жана бекитилген комитетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жергиликтүү коомдоштуктун Курултайында жетекчилике алынсын.
3. "Айыл Мыйзамы" боюнча эл арасында ар дайым түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Карасаев айылдык кеӊешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын айыл мыйзамына киргизилген толуктоолорду каттап бекитип берүү жагы Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан суралсын.
5. Токтом юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жана расмий тур до жарыялангандан кийин күчүнө киргизилсин.
6. Токтомду областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеӊештин катчысы Э.Дюшебаевге милдеттендирилсин.
Карасаев айылдык кеӊештин төрагасы | Масылов К.Ш.
|