Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2002-жылдын 10-июлу № 15-2
Нарын районунда айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонддорунун жерлерин айыл Өкмөттөрү тарабынан рационалдуу пайдаланышынын жана жер салыгынын, аренда акыларынын чогултулушунун абалы жөнүндө
Жергиликтуу оз алдынча башкаруу элдик бийликтин демократиялык формасы болуу менен бирге озун-озу камсыз кылуу, озун-озу каржылоо жана озун озу жонго салуу принциптерине негизделет. Бул багытта жургузулуп жаткан реформа жетиштуу финансы- экономикалык база болмоюнча оз максаттарына жете албайт.
Айыл Өкмөттөрүнун кирешелеринин негизги болутун жер сальны жана кайра бөлүштүрүү фонддорунун аренда акылары тузот. Айыл Өкмөттөрүно башкарууга откорулуп берилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин рационалдуу пайдалануу айыл инфраструктурасын онуктурууго, социалдык экономикалык маселелерди чечууго шарт тузот.
Кыргыз Республикасынын Окмотунун 11-январь 2000-жылдагы № 10 токтомунун негизинде Нарын областык мамлекеттик администрациясынын 3-февраль 2000-жылдагы № 33-б жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 14-март 2000-жылдагы № 109-6 буйруктарынын негизинде кайра бөлүштүрүү фондусунун эсебиндеги айдоо жер аянттары айыл Өкмөттөрүнун башкаруусуна откорулуп берилген.
Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндөгу» мыйзамынын 13-статьясына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясына ылайык кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери 2001-жылы айыл өкмөттөрү тарабынан аукцион жолу менен арендага таратылган. Откорулгон аукциондордо бардыгы болуп 3567,5 га жер арендага берилген. Район боюнча сугат жери учун аренда акысы гектарына орточо 536 сомдон айланып, жалпы суммасы 1957,0 мин сомдук аренда келишимдери тузулгон. Натыйжада 2001-жылы бул сумманы 339,8 мин сом гана же болбосо 17% кана ондурулгон. Тактап айтканда: Доболу айыл Окмоту 13%; Орток 31%; Жерге-Тал 6%; Он-Арча 56%; Эмгек-Талаа 38%; Учкун 9 %; Сары-Ой 10,7 % ; Достук 26% ке арендага акьшары ондурулсо Казан-Куйган айыл Окмотуно аренда акысыная бир сом дагы тушкон эмес. Бул корунуштун себептерин айыл Өкмөттөрү былтыркы жылдын кургакчьш болуп дыйкандар тушум албай калышы менен тушундурушуудо.
2001-жылга карата айыл өкмөттөрүнун берген маалыматтары боюнча кайра бөлүштүрүү фондусунда турган баардык 5246 га жерден 3182,6 га жери арендага берилген. Аренда акылары гектарына орточо 471 сомдон айланып жалпы суммасы 1458,1 мин сомду тузот. 2002-жылдын 1-июнуна карата бул сумманын 130,7 мин сому же 8,9 % ондурулгон.
Айыл Окмоттор тарабынан арендага берилген жер аянттары Кыргыз Республикасынын «Кыймылсыз мулкко укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөгу » мыйзамынын 4 жана 40 статьяларына ылайык айыл Окмоттор менен арендаторлордун ортосунда 3 жылдан жогору моонотко тузулгон аренда келишимдери милдетттуу турдо жергиликтуу мамкаттоо органдарынын каттоосунан отуусу тийиш. Ал эми айыл окмоттор менен арендаторлордун келишимдери 5-10 жылдык моонотко тузулуп мамлекеттик каттоо органдарынан келишимдердин дээрлик копчулугу каттоодон откон эмес. Натыйжада тузулгон келишимдер мыйзам талаптарына жооп бербей, арендаторлор тарабынан оз милдеттерин аткарбай коюсуна шарт тузулуудо.
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери бугунку кунго -гейин инвентаризациядан толук откон эмес, копчулук айыл Окмоторундо фонддун жерлери так эмес. Райондук жерге жайгаштыруу башкармасынын , райондук статистика комитеттинин жана айыл Өкмөттөрүнун маалыматтарында фонддун жерлери ар башг корсотулгон. Бул маалыматтарды салыштыра келгенде: Доболу айыл Окмоту боюнча га ; Кызыл-Октябрь 268 га ; Мин-Булак 100,6 га ; Орток 108 га ; Чет-Нура 164,5 га ; Сары-Ой 9 га; Ак-Кудук 33,2 га фонддун жерлерннен айырмачылыктар чыккан.
Фонддун жерлерин арендага беруу маселелери, аренда акыларынын базалык ставкаларын бекитуу, тузулгон келишмдердин аткарыльппына козолдук жургузуу маселелери айыл кенештердин сессияларында каралып, айыл Өкмөттөрү алырдын чечимдеринин негизинде ищ жургузуулору тийиш эле. Айылдык кенештердин басымдуу копчулуктору оздорунун бул милдеттерине кайдыгер мамиле кылышууда.
Жогорудагы корунущтордун натыйжасында айыл Өкмөттөрү тарабынан фонддун жерлерин арендага беруудо айрым жетекчилердин кызмат абалын оз кызыкчылыгына пайдалануусуна шарт тузуулудо. Айыл Окмот башчылары айылдык кенештер менен макулдашпастан туруп оз алдьшарынча баа коюп эч кандай документсиз арендага жерлерди берген учурлар жок эмес. Фонддун жерлерин рационалдуу пайдалануу жаты конулго алынбайт.
Айыл Өкмөттөрүнун берген маалыматтары боюнча быйылкы жылы: Доболу айыл Окмоту боюнча 161 га; Орток 378,5га; Чет-Нура 23га; Кызыл-Октябрь 11га ; Мин-Бул" 166га ; Жерге-Тал 117га ; Он-Арча 23га ; Эмгек-Галаа 677га ; Учкун 277га ; Ак-Куду 115га ; Сары-Ой 46 га айдоо аянттары арендага берилбей калган.
Кыргыз Республикасынын Окмотунун 5-сентябрь 2001-жылдагы № 537 токтому менен кайра бөлүштүрүү фонддорунун жерлерин пайдаланган урончулук, асыл-тукум мал чарбаларына сут фермаларына женилдиктер алынып салынган. Ошого карабастан Жан-Булак урон чарбасы 101 га, таяныч пункту 10 га, № 53 жылкы заводу 200 га, Нарын токой чарбасы 20 га жерди бекер пайдаланышып келуудо.
Район боюнча жер салыгынын планы 2000-жылы 78,3 %, 2001-жылы 69% гана аткарылган. Жергиликтуу кенештер тарабынан жер салыгынын ставкасы 30% жогорулатуу же томондотуу укуктары пайдаланылбайт.
Жогорудагыларды белгилеп депуттардын Нарын райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөттөрүно башкарууга откорулуп берилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди бир айлык моонотто мыйзамда ылайык инвентаризациялоо райондук мамкаттоо башкармасына, айыл Окмоттору милдеттендирилсин.
2. Айылдык кенештерге оздорунун сессияларында:
- фонддун жерлеринин аренда акыларынын базалык ставкаларын бекитуу;
- аренда акыларынын, жер салыктарынын чогултушуна козомолдук кылуу;
- арендага жер беруудо ачык айкындыкты камсыз кылуу;
- арендага беруу боюнча талаш масалелерди чечуу жагы тапшырылсын.
3. Айыл Өкмөттөрүно:
- бир айлык моонотто мурда тузулгон аренда келишимдерин мамкаттоо органдарынан каттоодон откоруу;
- аренда акыларынын ондуруу боюнча кечиктирилгис чараларды коруу; аренда акыларынын, жер салыгынын чогултулушу боюнча ай сайын
айьшдык кенештерге жана райондук финансы болумуно отчет беруу жг милдеттендирилсин;
4. Нарын району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясы, мамкаттоо башкармасы, финансы болуму квартал сайын жер салыгынын жана аренда акылар чогулушу жөнүндө маалыматты райондук Кенешке берип турушсун.
5. Чечимдин аткарьшышын козомолдоо райондук Кенештин экономика, фина бюджет, инвестицияны колдоо, жана жеке ишкердикти онуктуруу маселелс _ боюнча туруктуу комиссиясына (торагасы Т.Жанбоев) тапшырылсын.
Депутаттардын райондук кеңешинин төрагасы |
А. Молдоев |