Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2006-жылдын 29-августу № 2/1
Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин XXIV чакырылыштагы
XI сессиясынын № 4 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында эмес жерлерди
пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоого КI - экономикалык
пландаштыруу зоналары үчүн коэффицентин белгилөө жөнүндөгү Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин ХХIV чакырылыштагы XI сессиясынын №4 токтомуна
өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча депутаттардын Нарын шаардык
Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында эмес
жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференциялоого КI -
экономикалык пландаштыруу зоналары үчүн коэффициентин белгилөө жөнүндөгү
депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин ХХIV чакырылыштагы XI сессиясынын №4
токтомунун 3-пунктундагы «Нарын облустук Афганистан ардагерлигинин
союзунун коомдук уюмунун Нарын шаарындагы уюумуна» деген сүйлөм толугу
менен «Нарын облустук Афганистан ардагерлеринин союзунун коомдук уюумунун
Нарын шаарындагы уюумунун ишкердик кылган мучөлөрүнө» деген сүйлөм менен
алмаштырылсын.
Ушул токтомдун « ал эми Салык кодексинин 195-статьясындагы салыктан 2
пайыз өлчөмүндө бекитүү менен жењилдик берилсин» деген акыркы сүйлөмү
алынып салынып, «бекитилсин» деген сөз менен толукталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Нарын шаардык
Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы,салык,
лицензиялоо, патент, приватташтыруу боюнча туруктуу комиссиясына
тапшырылсын.
Депутаттардын Нарын шаардык
кеңешинин төрагасы А.Абдыкеримов